Бүтүндөй Кыргызстанда бир гана курулуш тармагы өнүгүп, экономикабызды алга сүрөп келаткандыгы чындык. Өзгөчө борбор калаа Бишкекте бийик кабаттуу үйлөр жаандан кийинки көзү карындай эле биринин артынан экинчиси жайнап кетүүдө. Бирок алардын сапаты, экологиялык жана техникалык талаптарга жооп берер-бербеси белгисиз. Өткөндө, жаз айларында Киев-Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде кытайлыктар тарабынан курулуп жаткан бийик кабаттуу үй урап түшкөн. 23-октябрда А.Токомбаев көчөсүнүн боюнда “Авангард Стиль” компаниясы куруп жаткан үйдүн экинчи кабатынын монолити урап түштү. Кырсыктан 13 киши жабыркап, экөө ооруканага жаткан. 11 адам медициналык текшерүүдөн соң үйүнө чыгарылган. Курулуш иштерине көзөмөл жүргүзгөн мекеменин биддирүүсүндө, “Авангард стиль” компаниясы техникалык курулуш эрежелерин сактаган эмес. Эми бул кемчилиги үчүн мамлекетке 100 миң сомдон 200 миң сомго чейин айып төлөшү мүмкүн. Ал эми курулуш иштери ураган объект толук сүрүлүп, кайра башынан гана башталууга тийиш. Дагы жакшы, үй бүтүп, адамдар жашай электе урап түшкөн. Бул көрүнүш бизде курулушка керектүү лицензия жана башка документтер коррупциялык жол менен берилип (сатылып), ал эми курулуп жаткан үйдүн сапатын текшерүү “унутулуп” калгандыгынын далили эмеспи?
Булак: “Майдан.kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ