Бүгүн, 4-майга карата өлкөдө коронавирус илдетин жуктурган бейтаптардын саны 830 адамга жетти. Алардын ичинен 443 аял кишилер, 387 эркек кишилер. Бул тууралуу бүгүн өкмөттүк брифингде Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Коронавирус менен жабыркагандардын жаш курагы:
– 0 жаштан 15 жашка чейин – 113 адам (анын ичинде 1 жашка чейинки 6 ымыркай бар);
– 16 жаштан 19 жашка чейин – 24 адам;
– 20 жаштан 35 жашка чейин – 242 адам;
– 36 жаштан 55 жашка чейин – 284 адам;
– 56 жаштан өйдө – 167 адам.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ