Menu

Муфтият: Вакцина орозону бузбайт

Бөлүшүү:

Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынын (муфтият) фатва бөлүмүнүн адиси Бактияр Токтогазы уулу коронавируска каршы эмдөө орозону бузбай турганын “Эркин Европа” радиосуна билдирди.

“Эгер кимде ким орозодо, оозу бек учурунда вакцина алам десе эч нерсе болбойт”.

Муфтияттын маалыматы боюнча, быйыл Рамазан айы болжолдуу 13-14-апрель күндөрү башталат.

Өлкөдө коронавируска каршы эмдөө 29-мартта башталды. Алгач Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда “кызыл зонада”, бейтапканада, “Тез жардамда” иштеген медицина кызматкерлери, мугалимдер жана күч органдарынын өкүлдөрү эмделери айтылган.

Эмдөө ыктыярдуу негизде, атайын ачылган пункттарда жүргүзүлөт. Бул үчүн Кытайдын SinoPharm компаниясы чыгарган вакцина колдонулууда. 75 миң адамга эсептелген 150 миң доза вакцина Кыргызстанга 19-мартта келген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + = 11

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: