Menu

Тажикстан орусча аскер наамдарына альтернатива издей баштады

Бөлүшүү:

Тажик бийлиги совет мезгилинен бери сакталып келаткан аскердик наамдарга альтернатива издей баштады.

Күн мурун өкмөттүн алдындагы Тил жана терминология комитети аскердик наамдардын тажикче аталышын тандоо үчүн окумуштуулардан, тарыхчылардан жана аскер кызматкерлеринен турган атайын адистердин тобун түздү.

Маалыматка караганда, алар аскер наамдарынан тышкары аскер терминдери менен аскер бөлүктөрүнүн аталыштарын дагы мамлекеттик тилге которушат.

«Адистер аскер наамдарынын тажикче аталышын сунушташты: ефрейтор – радабон, кенже сержант – даставар, сержант – дастаёр, улук сержант – дастабон, старшина – сардаста, капитан – садавар, подполковник – лашкарёр, полковник – сарлашкар», – деп билдирди комитеттин жооптуу кызматкери Абдурахим Зулфониён. Анын айтымында, адистер бул аталыштарды тандоодо Ахемениддер, Сасаниддер жана Саманиддер заманындагы кол жазмаларды изилдеп чыгышкан.

Азырынча тил комитети генерал-майор, генерал-лейтенант жана генерал-полковник аталыштарынын тажикче которулушу боюнча бир пикирке келе элек. Айрым адистер «генерал» наамына альтернатива катары «солор» жана башка сөздөрдү сунушташкан.

Буга чейин өлкөнүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин экс-төрагасы Сайдамир Зухуров бул наамды тажик тилине которууга зарылчылык жок экенин, дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө «генерал» сөзү колдонула турганын билдирген.

Мурдараак тажик бийлиги документтерде орусчалашкан фамилияларды колдонууга расмий тыюу салган. Өлкө башчы Эмомали Рахмон 2007-жылы фамилиясынын аягындагы «ов» суффиксинен баш тарткандан кийин башка аткаминерлер дагы ушундай кадамга барышкан. Бирок көп өтпөй Тажикстандын миңдеген жараны, негизинен эмгек мигранттары кайрадан фамилияларын орусчалаштыра башташкан. Алар Орусияда жумуш берүүчүлөр менен полиция кызматкерлери тажик ысымдары менен фамилияларын айырмалай албай жаткандыктарын айтышкан.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 − = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: