Акыркы сутка ичинде өлкөнүн лабораторияларында 809 анализ жүргүзүлүп, коронавирустун 14 учуру катталды. Бул тууралуу бүгүн, 20-апрелде өкмөттүк онлайн брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Анын айтымы боюнча коронавирусту жуктуруп алган адамдар менен 8116 адам байланышта болгон. Алардын ичинде биринчи категориядагы – 1872 адам, экинчи категорияда – 6244 адам бар.
Бүгүнкү күндө обсервацияда 862 адам көзөмөлдө жатат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ