Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча Нарын облусунун Ат-Башы районунда кечээ, 19-апрелде коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны 51 адамга жеткени тастыкталды. Бул аймакта эң жогорку көрсөткүч.
Маалыматка караганда, биринчи учурлар 8-апрелде аныкталып, 19-апрелге чейин алардын саны 51 адамга жеткен.
Республикада өзгөчө кырдаал режими киргизилгенден кийин, Ат-Башыда карантин посттору түзүлгөн. Анда милиция кызматкерлери, медицина кызматкерлери жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү күнү-түнү нөөмөттө турушту. Посттордо электр энергиясы жүргүзүлгөн. Ошондой эле аларда коргоочу костюмдар бар. Жолдор толугу менен тосулуп калган.
Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү ар бир айылда азык-түлүк, дары дармек ташыганга экиден гана автоунаа ишке кирет деп чечим чыгарышкан. Ал эми ар бир айылга экиден гана уруксат кагазы берилген.
Ошондой эле облустук аймактык оорукананын директору Илим Бейшеналиев 27-мартка карата эпидемиологиялык абал туруктуу деп билдирген.
Маалыматка караганда, 30-мартта Индиядан дааваттан кайтып келген эки жаран обсервацияга жаткырылган. Мурда алар үй карантининде болушкан, бирок медициналык кызматкерлердин айтканын аткарбай, намаз окуш үчүн алар мечитке бара беришкен.
Ошондой эле, 8-апрелде эки тургунга коронавирус жукканын билишкен. Алардын бири Бирлик айылынын тургуну, ал эми экинчиси Ача-Кайыңды айылынын тургуну.
Ат-Башын районунун жана Нарын шаарынын аймагында 2020-жылдын 15-апрелинде саат 08: 00дөн 2020-жылдын 30-апрелинде саат 08:00 чейин өзгөчө кырдаал киргизилген.
18-апрелде COVID-19 Ат-Башы, Биринчи-Май, Терек-Суу, Бирлик, Казыбек, Ак-Жар, Ача-Кайыңды айылдарын камтыгандыгы белгилүү болду.
Медициналык кызматкерлердин жетишсиздигинен улам Бишкектен төрт, Нарындан эки дарыгер келген.
Райондо кошумча 5 пост орнотулган. Өзгөчө кырдаал режими киргизилгендигине байланыштуу райондук бийлик кошумча күчтөрдү сурап, чек ара отрядынан 15 аскер келген. Алар Ат-Башы айылынын кире беришиндеги посттордо кызмат өтөшөт.
Андан тышкары, Нарын ОИИБнин өздүк курамынан 50 кызматкер келишкен. Ошондой эле Коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу үчүн кошумча күчтөрдүн келиши күтүлүүдө. Дагы 5 кошумча пост орнотулуп, аларда 25 аскер кызмат өтөйт. Бүгүнкү күндө райондо жалпы 21 пост коюлган.
Учурда өлкө боюнча коронавирус илдети менен жалпы 568 адам ооруп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ