Жалал-Абад облусунда бир сутка ичинде коменданттык сааттын эрежелерин бузган 6 адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-апрелде Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданты Жеңишбек Жоробеков онлайн-брифинг учурунда билдирди.
“Жалал-Абад облусу боюнча бир сутка ичинде жалпы 26 кылмыш иши катталды. Ал эми катталган кылмыштардын ичинде оор жана өзгөчө оор кылмыштар жок. Ошондой эле бир сутка ичинде Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча 99 киши шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнө жеткирилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ал эми коменданттык сааттын эрежелерин бузган 6 жаран кармалды. Алар Жалал-Абад шаарынан 4, ал эми Сузак районунан эки жаран. Азыркы мезгилде кошумча иш чаралар өткөрүлүп, түшүндүрүү иштери эл арасында жүргүзүлүүдө. Жалпысынан облус аймагында криминалдык кырдаал туруктуу”,- деди комендант.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ