Menu

Аксынын 30 жаштагы тургуну ичип алып, 35 жаштагы жеңесин бычактап кармалды

Бөлүшүү:

Кербен шаарында үйүнө мас болуп келген жаран өзүнүн жеңесине бычак сайган. Бул тууралуу бүгүн, 20-апрелде Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басм сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, аталган окуя Кербен шаарындагы үйлөрдүн биринде 18-апрелде болгон. Анда бычактан алган жараатынан улам 1985-жылы туулган Б.Ж. аттуу аял ооруканага жетпей жолдон каза болгон. Ал эми бычак ал аялдын ичине сайылган.

Бул факты боюнча материалдар Укук бузуулардын жана кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, 138-берене боюнча (“Денеге оор залал келтирүү”) сотко чейинки өндүрүш иштери башталды. Шектүү катары анын кайын иниси 1990-жылы туулган Ж.Т. кармалган. Ал окуя болгон жерден качып кетүүгө аракет кылган.

Учурда тергөө иш-чаралары жүрүүдө.

Ал эми шектүү 2 айга камакка алынган.

Каза болгон аялды акыркы сапарга узатуу зыйнаты кечээ, 19-апрелде болгон. Анын артында бир кызы жана үч уулу калды.

Айрым маалыматтарга караганда, окуя болгон күнү шектүү достору менен жолугушкан. Ал үйгө кайтып келгенде, улуу агасынын аялы экөөнүн ортосунда уруш чыккан. Алардан тышкары, үйдө баланын ата-энеси бар болгон.

Шектүүнүн үч баласы бар, бирок ал үй-бүлөсү менен жашабайт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: