Menu

Мамбетжунус Абылов, экс-элчи: “Биздин ТИМ “Кыргызстан кытайдын жери» деген макала тууралуу азырынча каршылык нота жарыялабай турганын мен туура деп баалайм”

Бөлүшүү:

«Кытайдан чыккан макалага Бишкек жооп береби?» деген суроону 18- апрельде Азаттык радиосу коомдук талкуууга чыгарды.  Менин баамымда, буга “Кыргызстан Кытайдын жери болгон” деген кытайдын toutiao.com сайты жазган макаласы түрткү болуптур. Казакстан тууралуу да кытайда ушундай макала чыкканда, бизге белгилүү, казак бийлиги кытайдын элчисинин колуна дароо нааразычылык нотасын карматкан. Бизде андай кадам жоктугунан, «Кытайга Бишкек жооп береби?» деген суроо жаралды го деп турам.
Азаттыктын ушул суроосуна, мен билгенден, биринчиден болуп кыргыздын белгилүү тарыхчысы Чоро Тегин үн катты. Ал “Кыргызстан Кытайдын жери болгон” деген  макаланын авторун, бизде Т. Токтогазиев, А. Бекбалаев, Ч.  Өмуралиев сыяктуу, тарыхты бурмалаган фолк – хистори өкүлү деп кемсинти. Андан кийин Азаттык радиосуна саясат илимдеринин кандидаты О. Молдалиев, тарых илимдеринини кандидаты Д. Сапаралиев “Кыргызстан Кытайдын жери эмес» деген таризде интервью беришти. Бирок бул макаланын кандайдыр бир көздөгөн саясый максаты бар го деп баалаган инсан катары, мен алардын мындай  жоопторуна ичим чыкпай,  өз пикиримди айтууну туура таптым.
Эгер биз бул маселени укуктук чөлкөмдө карай турган болсок, анда бизде эч проблема жок. Себеби биздин жерди Кыргызстандын жери деп тааныган, Кытай өлкөсүнүн Кыргызстан менен кол койгон  расмий келишими бар. Бирок бул келишим бүгүн юридикалык жактан биздин таянчыбыз болгону менен, ички же сырткы кырдаал өзгөрсө, биздин укукту коргой албай калышы бышык. Буга толгон токой мисалдарды келтирсе болот. Мисалы, Украина менен Россиянын ортосундагы кол коюлган расмий келишим, Украинанын бүтүндүгүнө бүгүн кепил болгон жок. Ал келишимдин так аткарылышын Украина өзү мүчө болуп кирген биздин  СНГ эле эмес, дүйнөнүн Бириккен Улуттар Уюму дагы коргой алган жок. Сырткы күчтөр киришкенде, Кытай өзү деле убагында жерлерин Япония, Англия, Португалияга тартырып жиберген. Мисалы, Япония Айсиндерге башкартып койгон Маньчжурияга кытайлар Советтер Союзунун күчү менен гана кайра ээ болгон. Тайвань, Гонконг, Макаодон да такыр  ажырап калбаш үчүн, бул аймактарда Кытай бүгүн да «бир өлкө, эки система» деген саясый ураан менен иштөөгө мажбур болуп жатат.
Менин пикирим боюнча, чек ара маселесин бүгүн кытайлар бизге укуктук эмес, тарыхый чөлкөмдө кароону таңуулап жатат. Ошондуктан биздин колубузда Кытай менен кол койгон келишимибиз бар деп өзүбүздү өзүбүз сооротпой,  биз да кытайларга бул маселени тарыхый чөлкөмдө кароону сунуштообуз керек.  Себеби,  бул маселени тарыхый чөлкөмдө чече турган болсок, анда кыргыз элинин  жер боюнча дооматы, кытайлыктарга караганда көбүрөөк экени бышык. Буга мен бир эле мисал келтирейин.
1860-жылы Россия менен Кытай, кыргыздар жашаган аймакты, кыргыздардын макулдугу жок эле экиге бөлүп алган. Муну Россия да, Кытай да тана албайт.  «Ээси келсе, бээсин бер» деп туура айткан экен кыргыздар. Ээлеп алган ошол кыргыздардын аймагын 1992 – жылы Россия кыргыздардга кайра берди. Кытай бере элек. Буга бармак турсун, 1860 – жылы Россия менен Кытайдын ортосунда пайда болгон чек аранын айрым талаш жерлеринин 30 пайызын колуна алгандан кийин гана,  Кыргызстан менен Кытай чек ара боюнча келишимге кол койду. Ошондо Кытайга өтүп кеткен Узөнгү – Кууш боюнча Кыргызстандын Аксы эли бийликке каршы көтөрүлүп, Кыргызстандын өлкө башчысы А. Акаевти өлкөдөн кууп чыкты. Ушундай далилдер турганда, кытай тарап кыргыздын жерине көз артпаса дурус болмок. Эгер кытай тарап, өзүнүн бүгүн дүркүрөп өнүгүп жатканына манчыркап, кыргыз жерин талашканга өтсө , эл аралык сот, жогоруда аталган далилдердин негизинде, 1860 – жылы Кытай  ээлеп алган кыргыздардын аймагын, Кыргызстанга таандык деп  өкүм чыгарышы бышык.Биздин жерди талашып, Кытай өзү буга түрткү болбошу керек.
«Кыргызстан кытайдын жери» деп кытайда макала чыгып, Кыргызстанда кооптону жаралып жатканда, бир топ өлкөдө он жылга жакын элчи болуп иштеген инсан катары,  Кытай бийлигинин Кыргызстандагы өкүлү өзү түшндүрмө берет го деген ойдомун.  Ошондуктан биздин тышкы иштер министирлигинин «Кыргызстан кытайдын жери» деген макала тууралуу азырынча каршылык нота жарыялабай турганын мен туура деп баалайм.

Мамбетжунус  Абылов, мамлекеттик жана коомдук ишмер   

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 + = 96

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: