Menu

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова Кытайдын медициналык эксперттик тобунун делегация мүчөлөрүн кабыл алды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Аида Исмаилова Кытай Эл Республикасынын медициналык эксперттик тобунун делегация мүчөлөрү менен жолугушту.

«Өлкөнүн эгемендик алган учурунан бери карай жакын жана достук мамиледеги өлкөлөр жана эл аралык өнөктөштөр өлкөбүзгө колдоосун берип, көмөгүн көрсөтүп келүүдө. Мындай өлкөлөрдүн катарына Кытай мамлекети да кирет. Буга байланышуу өлкөбүз үчүн кыйын кырдаалда көрсөтүлүп жаткан көмөгү үчүн терең ыраазычылык билдирип кетем. Кытай дүйнөдө алгачкы өлкөлөрдөн болуп коронавирустук инфекцияга туш болуп, кыйын учурду башынан өткөрдү. Ошол эле учурда кытай дарыгерлеринин  коронавирус инфекциясына каршы күрөшүндө натыйжалуу жыйынтыктарды байкоодобуз. Биз Кытай Эл Республикасы ооруга учурагандардын жана каза болгон жарандардын санын кескин кыскартууга жетишие алгандыгына кубануудабыз», – деп билдирди вице-премьер-министр Аида Исмаилова.

   

Вице-премьер-министр өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга токтолуу менен коронавирус инфекциясына чалдыккандардын жалпы саны 568 адамды түзүп, анын ичинен 7 адам каза болгондугун билдирди.

«Обсервацияга 1088 жаран жаткырылган. Жалпысынан оорулуулар менен контактта болгон 7877 адам аныкталган. Тилекке каршы, ооруну жуктуруп алган жарандардын катарында саламаттыкты сактоо тутумунун кызматкерлери да бар. Буга байланыштуу Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан программа даярдалып, анда кытай адистери ооруканаларга, поликлиникаларга жана лабораторияларга барып, кызматкерлерди тийиштүү түрдө окутуусу каралган», – деп белгиледи ал.

Аида Исмаилова билдиргендей, медициналык эксперттик топтун алкагында Кыргызстандын саламаттык сактоо тутумунун кызматкерлерин аралыктан окутуу пландаштырылууда.

«Биз үчүн кытай кесиптештердин вирусту аныктоодогу жана дарылоодогу, ошондой эле лабораториялардын ишин уюштуруудагы тажрыйбасын, илдетке чалдыккандар менен дарыгерлердин өз ара иштешүүсүндөгү эрежелерди, обсервация жана карантиндик жайларды уюштуруу, жеке коргонуу каражаттарын колдонууларын өздөштүрүү маанилүү», – деди ал.

Өз кезегинде Кытай Эл Республикасынын Толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвень белгилегендей, өткөн жумада эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын ортосунда маңыздуу телефондук сүйлөшүү болгон.

«Мындай оор мезгилде биз бири-бирибизди колдоп, коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө тыгыз кызматташууга тийишпиз. Медициналык эксперттик топтун келиши биздин лидерлердин ортосундагы макулдашууларды жүзөгө ашыруу болуп саналат. Өлкөгө келген медициналык эксперттер кыргыз кесиптештери менен биргеликте коронавируска каршы күрөштө мыкты натыйжаларга жетишет деп ишенем», – деди кытай элчиси.

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнө коронавирус менен күрөшүүдө тажрыйбасы бар медицина адистерин биздин өлкөгө жөнөтүү чечими жана көрсөтүп жаткан консультативдик гуманитардык жардамы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан ыраазычылык билдирди.

Маалымдама: Эксперттик топ менен бирге республикага 10 миң даана № 95 респиратордон, 2 миң даана коргоо кийимдеринен, 2 жасалма дем алдыруучу жабдуудан, дары-дармектерден турган гуманитардык жардам келди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 − 78 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: