Menu

Ош облусунда мамлекеттик кызматкерлер коронавируска анализ тапшырып жатышат

Бөлүшүү:

Ош облусунда мамлекеттик жана муниципалдык администрациялардын кызматкерлери коронавируска анализ тапшырып жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелде онлайн-брифингде өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев билдирди.

Анын айтымы боюнча, мамлекеттик кызматкерлер байланышта болгон адамдардын категориясына кирет.
“Жергиликтүү бийлик жана укук коргоо кызматкерлери калктын ар кандай категориялары менен иштешет.
Алар дарыгерлерге байланышып жаткан адамдарды аныктоого жардам беришти. Умрадан келгендерди аныктап, кээ бири ажы-той беришти, алар менен байланышта болгондордун бардыгын аныкташты. Баш-аягы 15 миңдей адамды аныкташты. Дарыгерлер жана милиция кызматкерлери өзүлөрү коронавируска тест тапшырып жатышат. Экспересс тесттердин дефицити жок” – деп билдирди Узарбек Жылкыбаев.

Эскерте кетсек, өлкөдө COVID-19 жуккан 631 учур катталган. Оорулуулардын арасында 162 дарыгер бар. Ошол эле учурда 302 адам айыгып, 8 адам көз жумган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: