Ысык-Көл облусунун Түп районунда өгөй атасы тарабынан сексуалдык зомбулукка кабылган 12-13 жаштагы өспүрүм кыздар үй-бүлөлүк типтеги балдар үйүнө жайгаштырылды. Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелде Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Белгилүү болгондой, үй-бүлөдө төрт бала: – үч кыз – 12, 13 жана 8 жаштагы жана бир жаштагы бала тарбияланат.
“Кыздардын айтымында, энесинин жарандык күйөөсү тарабынан аларга карата сексуалдык аракеттер жасалган. Коопсуздук үчүн, төрт бала тең үй-бүлөлүк типтеги балдар үйүнө жайгаштырылган. Балдары үчүн кооптуу жагдай жараткан эненин ата-энелик укуктарынан ажыратуу же чектөө маселеси каралып жатат” – деп айтылат маалыматта.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ