Кечээ, 22-апрель күнү журналист Нурбек кызы Айзада “Facebook” тармагындагы баракчасына Аксы жергесине 7 миллион сомдон ашык гумжардам келгени тууралуу пост жазды:
“Жеке эле кыргыз элинин эмес дүйнө элинин башына түшкөн оор кырдаалда колунан келген жардамын аябаган атуулдарыбыздын өз эли үчүн жасаган жардамы кубандырат. Катардагы жардамдардын бири Аксы жергесине көрсөтүлдү жана 7 миллион сомдон ашык гумжардам келди. Аксы районунун сыймыктуу уулдарынын салымы менен Аксыга чоң жардам келди. Анда «Абусахи» компаниясынын директору Кытайлык ишкер Набикадирдин атынан жана «Абусахи» компаниясынын Кыргызстандагы өкүлү Нурбек Керимбеков агабыздын демилгеси менен жардам жетип келди.
Анда Аксы аймактык ооруканасына заманбап 50 керебет, 5 миң даана беткап (маска) 30 даана тепловизор, 5 миң даана коронавирусту аныктоочу тест, 1000 даана кол кап келиптир. Бул өтө кубанычтуу кабар. Элибиз оор кырдаалда турган учурда жардам бергендерге ыраазычылык.
Жардам колун сунган агаларга, кытайлык ишкерге ырахмат айтабыз”,- деп жазган ал.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ