Бишкекте 2 жашар кыз 8-кабаттын балконунан кулап түштү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын комендатурасынын басма сөз кызматы кабарлайт.
Анын айтымы боюнча, окуя кечээ, 23-апрелде саат 18.30 чамасында Исанов көчөсүндө болгон.
“Окуя кандай жагдайда болгону азырынча белгисиз. Ж.А. аттуу 2 жаштагы кыз турак үйдүн сегизинчи кабатынын балконунан кулап түшкөн. Тез жардам кызматынын дарыгерлери анын кырсык болгон жерде каза болгонун аныкташты” – деп айтылат маалыматта.
Аталган факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.
Булак: «KyrgyzToday»
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ