Орусиянын президенти Владимир Путин орус жарандыгын алууну жеңилдеткенге багытталган мыйзамга кол койду деп билдирет РИА Новости.
Бул Россияда туруктуу жашаган чет өлкөлүктөргө жана жарандыгы жок адамдарга карата колдонулат. Орусиянын жарандыгын алуу үчүн сөзсүз түрдө башка мамлекеттеги жарандыгынан баш тартышы зарыл эмес.
Ошондой эле СССР учурунда төрөлүп, анын курамындагы өлкөлөрдө жашап жүрүп, бирок жарандык албаган адамдарга жеңилдиктер каралат. Тактап айтканда, алар жарандык алуу үчүн арыз жазганга чейин милдеттүү түрдө Россиянын аймагында 3 жыл жашашы керек жана киреше булагын көрсөтүүсү зарыл деген талаптар мындан ары болбойт.
Мындан тышкары, эгерде жарандын ата-энесинин бири Орусиянын жараны болсо, ал адамга дагы жарандык алууга жеңилдик болот.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ