Menu

Прокурор Карганбек Самаковго 19 жыл сурады

Бөлүшүү:

Бишкектин Октябрь райондук соту 14-ноябрда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаковго жана анын баласы Кубанычбек Самаковго, экс-премьер министр, эл өкүлү Игорь Чудиновго, мурдагы вице-премьер Искендербек Айдаралиевге, мурдагы айыл чарба министри Арстанбек Ногоевге жана башка кишилерге козголгон ишти карады. Сотто тараптардын жарыш сөзү уланууда.

Прокуратура Карганбек Самаковду класстык чинден ажыратуу жана мүлкүн мамлекетке чегерүү менен 19 жылга күчөтүлгөн тартипте абакка кесүүнү сурады. Ал эми Кубанычбек Самаковду, Эрнис Койчумановду, Абай Таштанбековду 18 жылдан, Чудинов, Айдаралиев, Ногоевди 11 жылдан, Курманбек Бакиевди 30 жылга, Жаныш Бакиевди-өмүр бою эркинен ажыратуу керек экенин белгиледи. Мамлекеттик айыптоо алардын күнөөсү толук далилденди деп эсептейт. Жарыш сөз маалында Карганбек Самаков баласы экөө өздөрүнө тагылган айыптарды четке какты. Экс-депутат мурда трансформацияланган жерди төртүнчү болуп сатып алганын белгилеп, өзүнө коррупция боюнча коюлуп жаткан дооматтарды негизсиз деп атады. Соттук процесс бүгүн 17-ноябрда уланат.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 8 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: