Бүгүн, 25-апрелге карата Кыргызстанда дагы 9 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Жаңы учурлар: Чүй облусунда – 1, Бишкек шаарында – 4, Ош шаарында – 4 адам катталган.
Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 665ге жетти. Алардын ичинен:
– Ош облусунда — 157 адам;
– Жалал-Абад облусунда — 109 адам;
– Ош шаарында — 108 адам;
– Бишкекте — 151 адам;
– Нарын облусунда — 83 адам;
– Чүй облусунда — 43 адам;
– Баткен облусунда — 6 адам;
– Ысык-Көл облусунда — 8 адам.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ