Menu

Жети-Өгүздө бир жаран милиционер досунун унаасында өзүн-өзү башка атып өлтүрдү

Бөлүшүү:

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун тургуну унаадан өзүн-өзү башка атып өлтүргөн. Бул маалыматты облустун ички иштер башкармалыгы тастыктады.

Маалыматтарга ылайык, 23-апрелде саат 13:30 чамасында Жети-Өгүз районунун ички иштер бөлүмүнө тез жардам кызматынан билдирүү түшкөн. Анда Кызыл-Суу айылынын тургуну, 1990-жылы туулган М.Д., башына тийген октун кесепетинен каза болгон.

Аталган факт Укук бузуулардын жана кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталган.

Маалыматка караганда, унаа милиция кызматкерине таандык. Каза болгон жаран травматикалык тапанчадан өзүнө ок аткан. Учурда бул курал кимге таандык экени иликтенүүдө. Тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Маалым болгондой, 1990-жылы туулган эркек киши 1996-жылы туулган аялы менен урушуп кеткен. Аялы башка айылда жашаган туугандарына кетип калган. Аны үйүнөн жездеси алып кеткен. М.Д. аялын алып келүү үчүн классташтарына кайрылган. Алардын бири милиция кызматкери, ал “Субару Форестер” үлгүсүндөгү унаасын айдап чыгып, төрт классташ Чырак айылына жөнөп кетишкен.

Жолдо бара жатып маркум бажасына телефон чалган. Ал телефонду кайын энесине берген. Бирок кайын энеси эч нерсе деп сүйлөбөй эле телефонду өчүрүп салган. Андан кийин маркум кайра бажасына чалып жоолугуп сүйлөшүүнү суранган. Ошол учурда ал телефон менен жалгыз сүйлөшүп алыш үчүн классташтарын унаадан чыгып турууларын өтүнгөн. Классташтары эшикте турганда унаанын ичинен тапанчанын атылган үнү угулган. Ал киши өзүн-өзү атып өлтүргөнү белгилүү болгон.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: