Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков кечээ, 21-мартта, Нооруз майрамына арналган Көк бөрү боюнча республикалык мелдештин жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземине катышты. Бул тууралу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.
Өкмөт башчы өз сөзүндө биринчи орунга ээ болгон команданы куттуктап, күйөрмандарга активдүү колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыгын билдирди.
«Алдыда III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары келе жатат. Кыргызстандын желеги абдан бийик желбиресин деп тилейт элем. Кыргызстаныбыз Борбор Азияда эң мыкты өлкөлөрдүн бири болсун», – деди Премьер-министр Сапар Исаков жана ушул майрам күнү «Ак-Кула» ипподромунда чогулган шаардыктарды жана конокторду Нооруз майрамы менен куттуктады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ