Menu

Өмүрбек Текебаев: “Алмаз Атамбаев 2010-жылы Кадыржан Батыров менен сеператтык сүйлөшүүлөрдү жүргүздү, абалды курчутту, аягы улут аралык жаңжал менен бүттү”

Бөлүшүү:

“Президенттин аппараты айтып жатат, “Кадыржан Батыров Атамбаевдин кеңештерин укпай коюп, Убактылуу өкмөттүн башка мүчөлөрүнөн союзник табат, Жалал-Абаддыктар ал кайсы саясатчы экенин, кайсы саясатчынын жакын туугандары Кадыржан Батыров кылмыш жасап жатканда анын жанында жүргөнүн жалалабаддыктар билишет” деп жарыялайт”, – деп билдирди бүгүн, 11-октябрда маалымат жыйын өткөргөн депутат Өмүрбек Текебаев.

“Эми КТР менин иним Асылбек Текебаевди Кадыржан Батыров уюштурган митингде сүйлөп жаткан сүрөтүн көргөзүп атат, мен ойлойм президенттин аппараты да ошол сүрөттү айтып жатат деп ойлойм, ошондуктан ушул сүрөттүн тарыхын сиздерге айтып берип койоюн. Бул абдан маанилүү, бул 2010-жылдын апрель айында тартылган сүрөт. Биз, Убактылуу Өкмөт Атамбаевдин түштүккө жашыруун учуп кеткенин билбей калдык, ал 18-апрель күнү Баткенге, анан Ошко, Жалал-Абадка барып, өзүнүн тарапкерлери менен жолукмакчы болуп учуп чыгып кеткен экен. Мына Оштогу жолугушуу, 18-апрель, Баткенге самолет менен учуп барып жолугуп, Ошко келип, кечирээк убакта тарапкерлери менен жолугат. Анан ошол жерде “Жалал-Абадда да тынч болбой жатат, менин мындан кийинки барчу жерим Жалал-Абад” деп айтып, жолугушууну жабат. Ушул айткан сөздөрүн тастыктаган “Азаттыктын” макалалары чыккан. Ал макаланынын акыркы сөздөрү “Алмазбек Атамбаев убакыт тардыгын кыйытып, алигүнчө тынчый элек Жалал-Абад шаарын көздөй багыт алды. Ошентип жолугушуунун катышуучулары жаңы бийликтин жетекчилери калкты көбүрөөк аралабаса, көйгөйлөр үйүлүп олтуруп, дагы баш оорутарын губернаторго жана мэрге кулак кагыш кылып тарашты. Акыркы маалыматка караганда, Утурумдук Өкмөт башчысынын биринчи орун басары Алмазбек Атамбаев техникалык себептерге байланыштуу Жалал-Абадга жетпестен, Ош шаарынан түз эле Бишкекке учуп кетти” дейт. Мага ошол күнү иним Асылбек звонок кылып калды. “Атамбаев түштүккө келиптир, Жалал-Абадга дагы келет экен” деп. Мен Атамбаевдин түштүккө учуп кетип, Жалал-Абадга барарын билген эмесмин. Роза Отунбаева да билбейт экен. Башкалар да билбейт экен. Телефон кылсам, ошол кезде Жалал-Абадда губернатор болуп жүргөн Бектур Асанов да анын барарын билбейт экен. Анан мен иниме кайра звонок кылдым, “эч ким билбейт экен, кантип барат, сен кайдан уктуң?” десем, Кадыржан Батыров айтыптыр, “мени тосуп ал, сенден башка ишене турган күч жок реалдуу, элиңди жыйна!” деп ал өзүнүн университетинин короосуна элин жыйнап “Атамбаевди келет” деп күтүп турган экен. Мен айттым, “Атамбаев барса, бир жаңжал чыгып кетсе жардам бергендей болгула. Бир топ балдарды алып бар, ошол жерде тур. Ар бир болгон нерсени байкагыла” деп мен инимди жөнөткөм. Бул ошол, Кадыржан Батыров “Атамбаев келет” деп, элдерин жыйнап турган убакта, 18-19-апрелде тартылган сүрөт. Кадыржан Батыровдун “Атамбаевди күтүп турабыз” деген видеосунан үзүндүнү көрүңүздөр. “Рахбарлар келеди” деп жатат. “Рахбарлар” деген жетекчи деген сөз. Эми бул жерде Кадыржан Батыров “Атамбаев келет” деп айткан жок. Анын келерин аз гана адам билген. “Чоң адамдар келет” деп короо толтура эл кармап турган, анткени коопсуздук, 18-19-апрелдерде Жалал-Абадда кооптуу эле. Бакиевчилер ал жерде күчөп турган. Мына мен силерге ишенимдүү айта алам, Атамбаев “Мен Жалал-Абадга барам, Кадыржан ишенимдүү адамдарыңды топтоп кой” деген. Эми Атамбаев барып жатса, бизге айтпаса, Кадыржан менен сеператно сүйлөшүп жатса, анан Жалал-Абадда аны заложникке алышабы? Эмне кылышат? Анан мен иниме айтты, “жанына барып карап тургула, мага маалымат берип тургула, зарыл болуп калса Атамбаевге жардам бересин” деп, эми ошентип “Атамбаевди тосуп алабыз, коргойбуз, колдойбуз” деп өмүрүн тобокелге салып, биринчи жолу эмес, ага чейин да Атамбаев үчүн өмүрүн тобокелге салып жүргөн, президенттик шайлоолор учурунда, эми ошол адамды, Асылбек Текебаевди КТРинен, ЭлТРинен, 5-каналдан жамандайт. Атын айта албастан президенттин аппаратынын атынан Атамбаев өзү “Кадыржан кылмыш кылып жатканда жанында турган” деп жатышат. Кадыржан ошол моментте кылмыш кылган эмес, ал Атамбаевди күтүп турган. Элине айтып, даярдап турат “чоң жетекчи келет, айта турган сөзүңөрдү даярдагыла, баарын так, ачык айткыла” деп.  Анан Атамбаев Жалал-Абадда коркунуч деп коркуп, Бишкекке түз эле учуп кетип калган деп “Азаттык” жазып жатат. Бул сүрөттүн тарыхы ушундай. Эми ошондой сүрөттү Атамбаев ушундай максатта пайдаланам дегени бул өтө ыплас иш. Атамбаев үчүн ал балдар камалышкан, соттолушкан, 2009-жылы президенттик шайлоодо. Аны президенттикке көтөрөбүз деп айылына чейин курултайга келип жүрүшкөн. Кадыржандар аны заложникке алып албасын, аны карап турабыз деп ошол жерге барышкан. Заложникке алып алса эмне кылат эле? Ошентип Атамбаев 18-апрелде түштүккө барып келет.  Жалал-Абадда коркунуч бар деп барбастан Бишкекке түз учуп келе берет. Анан келгенден кийин ал айтат,  анан биз таарындык “ай, Алмаз Шаршенович, айтып коюп кетпейсинби, унчукпай эле кетип каласыңбы?” десек “коопсуздуктан улам айткан жокмун, араңардан бирөө айтып койсо, мени тиги, Бакиевчилер кармап алат эле. Коопсуздук максатында эч кимге айтпадым” деп, биз капа болгонубуз жок. Анан келип “абал аябай чатак экен, мен көрүп келдим” деди. Мен көрүп келдим деди. Анан мындай докладная записка жазды. “Абал чатак, түндүктө да чатак, Ош менен Жалал-Абадда да чатак” деди. “Атайы комиссия түзүш керек” деди. “Анан ошого мени жетекчи кылып коюшуңар керек. Мен ошол ишти сүйлөшүп, баарын өзүм бүтүрөм”, азыр бул Атамбаевдин катынын көчүрмөсүн силерге таратып берем. Анан ошол Атамбаевдин өтүнүчү менен, анын суранычы менен, эми бул жоопкерчиликти гана эмес бийликти да суранып жатат да, бүт баардыгын мен чечейин депчи,  Роза Исаковна тескеме чыгарат,  распоряжение.  Ага Роза Отунбаева менен Атамбаев гана кол коюшкан. Укук коргоо жана коопсуздук боюнча баардык укук Атамбаевге берилсин деп. Бирок, ал өзү сурап алган бийликти Атамбаев аткара албады. Кадыржан Батыров менен сеператтык сүйлөшүүлөрдү да жүргүздү. Абалды курчутту. Аягы жанагыдай улут аралык жаңжал менен бүттү”, – деди Өмүрбек Текебаев.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 15 = 17

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: