Республика боюнча 304 миң 649 үй-бүлө гуманитардык жардам алышты. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги жардам штабына шилтеме кылып билдирди.
Ун, шекер, чай, өсүмдүк майы, макарон, күрүч, дан өсүмдүктөрү камтылган күнүмдүк азык-түлүк баштыктарын ыктыярчылар муктаж болгон үй-бүлөлөргө жеткирип беришет.
Штабдын маалыматына ылайык, Бишкек шаарынан – 63 880 үй-бүлө, Чүй облусунан – 57 440 үй-бүлө , Ош облусунан – 89 269 үй-бүлө, Жалал-Абад облусунан – 39 053 үй-бүлө, Баткен облусунан – 12 миң үй-бүлө, Ысык-Көл облусунан – 22 615, Нарын облусунан – 10 329 жана Талас облусунан – 9 483 үй-бүлө жардам алышты.
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ