Өлкө боюнча учурда ооруканаларда коронавирус илдети менен ооруган 244 бейтап дарыланып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 1-майда өкмөттө өткөн онлайн-брифингде Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Анын айтымында, 11 адамдын абалы оор, алардын ичинен 5 бейтап жандандыруу бөлүмүндө жатат.
Ал эми орточо оор абалда 41 бейтап, канааттандырарлык абалда 192 бейтап бар.
Учурда республика боюнча коронавирус илдетинен жалпы 504 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ