30-апрелде АКШнын улуттук чалгындоосунун директорунун офиси АКШнын чалгындоо коомчулугу Covid-19 вирусу жасалма жол менен чыгарылган деп санабай турганын жарыялады.
«Чалгындоо коомчулугу көптөгөн окумуштуулардын COVID-19 вирусун адамдар жараткан эмес жана генетикалык жактан өзгөртүлгөн эмес деген талкуу-пикирлери менен макул болушууда.
Чалгындоо коомчулугу келип түшкөн маалыматтарды терең изилдеп, вирус чындап эле жаныбарлар менен болгон байланыштан жукканбы же Ухань шаарындагы лабораторияда жасалган окуянын натыйжасыбы тыкыр иликтөөгө алууну улантат”,- деп айтылат билдирүүдө.
Бир аз убакыт мурун президент Дональд Трамп кытай бул вирусту атайын чыгарган деген пикирин билдирген.
Аны менен катар, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Кытайдагы өкүлү, вирустун келип чыгыш себеби боюнча иликтөө жүргүзүүгө Кытайга сунушун киргизгенде, алар баш тартышканын билдирген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ