Бүгүн, 4-майда Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров жана Ош шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Салтанат Орозбаева онлайн-брифингде жарандардан келген суроолорго жооп беришти.
Анда бир жарандан “Ошто үймө-үй кыдырып текшерүү дагы да уланабы? Ошондой эле үй шартында карантинге алынгандарды кимдер көзөмөлдөйт жана алар кандай эрежелерди сакташы керек?”,- деген суроо келген.
“Үймө-үй кыдыруу дагы деле уланып жатат. Бизде шаар боюнча 12 мобилдик топ түзүлгөн. Анын ичинде 60 дарыгер иштейт. Алар үймө-үй кыдырышып, адамдардын дене табын текшерип, акыбалдарын сурап, экспресс-тесттер алынып жатат. Ошондой эле үй шартында карантинге алынгандарды дарыгерлер көзөмөлдөп жатат. Аларды шарттарды сактоо үчүн телефондордон байланышып, күнүгө эки жолу сурап көзөмөлдөп турушат. Учурда үймө-үй кыдыруу иштери улантыла берет”,- деди Салтанат Орозбаева.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ