Menu

Нурболот Үсөнбаев: “Коронавирустун катталган жаңы учурлары оорулуулар менен байланышта болгон адамдардан аныкталып жатат”

Бөлүшүү:

Коронавирустун жаңы катталган учурлары дээрлик бардыгы оорулуулар менен байланышта болгондордун арасынан аныкталып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 5-майда КР Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.

“Коронавирус жуктуруунун көпчүлүк учуру байланышта болгон адамдардан аныкталып жатат. Ошондуктан, биз оорулуулар менен байланышта болгон бардык адамдарды аныктап, сураштырып, көзөмөлгө алып жатабыз. Зарыл болгон кезде, байланышта болгондорду аныктоо үчүн башка кызматтарды дагы тартып жатабыз” – деп билдирди Нурболот Үсөнбаев.

Белгилей кетсек, Кыргызстан жалпысынан 843 адамдан коронавирус аныкталган. Алардын ичинен 600 адам оорудан айыгып, ооруканадан чыгарылган. 11 адам коронавирустан каза болгон.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 41 = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: