Menu

Азия өнүктүрүү банкы коронавируска каршы күрөш үчүн Кыргызстанга 50 миллион доллар бөлүп бермей болду

Бөлүшүү:

Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстанга насыя жана грант түрүндө 50 миллион доллар бөлүп берүү тууралуу чечим кабыл алды. Бул тууралуу банк жарыялаган маалыматта айтылат.

Акча кыргыз өкмөтүнө коронавирустун элдин ден соолугуна кам көрүү аракетине, социалдык жана экономикалык маселелерди чечүүсүнө жардам иретинде берилип жатканы маалымдалды.

Банктын «Активдүү көңүл буруу жана чыгымдарды колдоо» (CARES) программасынын алкагында бул каражат пандемиянын жайылышын ооздуктоо, социалдык жактан муктаждарды коргоо, чакан жана орто бизнеске, өндүрүшкө жардам берүү боюнча чукул чараларды колдоого жумшалышы керек болот.

Кыргызстан эл аралык каржы уюмдарынан жалпы 456 млн доллар күтүп жатканы мурдараак кабарланган.

29-апрелде вице-премьер-министр Эркин Асрандиев жыл башынан берки төрт ай аралыгында бажы жана салык тармагынан мамлекеттик бюджетке 10 млрд сом түшпөй калганын айткан.

5-майга карата Кыргызстанда коронавирус 843 адамдан табылды, алардын 11и кайтыш болду, 600 бейтап сакайып кетти.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 + = 64

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: