Menu

“Элдин назарын сындырган оңбойт!”

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин 16-ноябрдагы жыйынында депутат Алмамбет Шыкмаматов аракты “Манас” деп атап алгандарга нааразы болду. Бул туурасында Алмамбет мырза: “Аракка “Манас” деген ат коюп алышты, бириңер былкылдап койгон жоксуңар. Манастын атын бийиктикке коёлу, шаарга коёлу. Аракка коюп, аны ичкендер келжиреп мас болуп, бири-бирин сабаган болбойт. Биринчи кезекте ушул нерсени тыйгыла”, – деп өкмөттү каарып өттү. Ырасында туурасын айтты. Улуттук баалуулуктарга шек келтирген, мазактаган көрүнүшкө тыюу салыш керек. Өзгөчө кыргыз элинин руху болгон Манаска тиш салгандардын тишин чагыш керек. Демек «Манас» деп арак чыгарган “Кристалл” арак заводуна ири көлөмдө айып пул салып, экинчи кыргыз элинин рухий дөөлөттөрүн келекелебей турган кылып, башкаларга сабак кылуу абзел. Деги эле кыргыз улутунун баалуулуктарынын кол тийгис ыйыктыгы туурасында мыйзам кабыл алып, маданий-материалдык баалуулуктарды тизмелеп чыгыш керек. Эгер аларды бузган, келекелеген, мазактагандар болсо кылмыш жоопкерчилигине тарта турган кылуу абзел. Өкмөт башчысы Сапар Исаков бул ээн баштыкка чекит коёт деп ишенели. Эгер буга көңүл бурбаса, элдин назары сынат. Элдин назарын сындырган оңбойт.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: