Бүгүн, 12-майда Акыйкатчы Токон Мамытов 8-майда кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан ок жеген Баткен аскердик отрядынын “Көк-Таш” чек ара тозотунун аскер кызматкерлери менен жолукту. Бул тууралуу КР Акыйкатчы аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымы боюнча, акыйкатчы М.Абдисаит уулу жана Ч. Турдубай уулуна жолуккан. Ал эми жоокерлердин үчүнчүсү –Султанбек уулу Мирбек аталган госпиталдын реанимация бөлүмүндө болгондуктан, анын апасы менен жолугуп сүйлөшкөн. Аскерлер жана М. Султанбек уулунун апасы учурда эч кандай даттануулары жок экендигин, дарыгерлердин жана медициналык персоналдарга ыраазычылыгын билдиришкен.
Кыргызстандын 30-40га чукул жарандары жана Тажикстандын 30-40 жакын жарандары бири-бирине таш ыргыта башташты. Окуя учурунда мергенчилик куралынан ок атылган. Жаңжалдын күчөп кетишине жол бербөө максатында, Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачылары абага бир нече жолу эскертүү иретинде ок атышкан.
Эки тараптын элине түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Бирок, Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы күтүүсүздөн кыргыз чек арачылары тарапка миномёт аткан. Атышуу учурунда КР Мамлекеттик өрткө каршы кызматынын үч кызматкери жаракат алышкан. Бир жергиликтүү тургун ооруканага түшкөн.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ