Menu

ТИМ Cтатс-катчысы А.Омокеев БУУнун Баш катчысынын Атайын өкүлү Н.Герман менен жолугушту

Бөлүшүү:

19-декабрда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Cтатс-катчысы Айбек Омокеев БУУнун Баш катчысынын Атайын өкүлү, Борбор Азия үчүн Превентивдик Дипломатия боюнча БУУнун Аймактык Борборунун башчысы (РЦПДЦА) Наталья Герман менен жолугушту. Бул туурасында ТИМ басма сөз кызматы билдирет.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө А.Омокеев Борбор Азиядагы туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылууга көмөк көрсөтүү максатында Кыргызстандын БУУнун Аймактык Борбору менен конструктивдүү жана тыгыз кызматташууну уланта берүүсүнүн маанилүүлүгүн белгилеп кетти.

Өз кезегинде Н.Герман Кыргызстанда жакында болуп өткөн президенттик шайлоонун ийгиликтүү өткөрүлүшү менен куттуктады,    РЦПДЦАнын учурдагы жана келечек пландары жөнүндө маалымат берди. Ошондой эле  Кыргыз Республикасы менен БУУнун байланышынын мындан ары чыңдалышына жана тереңдешине  өзүнүн даяр экендигин бекемдеп кетти.

Эки тарап кеңири маселелер боюнча эл аралык кызматташтыкты активдүү улантуунун актуалдуулугун баса белгилеп кетиштти.

Маалымат үчүн: РЦПДЦА Борбор Азиянын беш өлкөсүнүн өкмөттөрүнүн демилгеси боюнча 2007-жылдын декабрь айында  Ашхабад шаарында түзүлгөн, БУУнун атайын саясий миссиясы болуп эсептелет. РЦПДЦА болуп жаткан коркунучтарга жана тынчтыкка жана коопсуздукка, потенциалдуу чакырыктарга  реакция жасоо үчүн өнөктөштүктү түзүү жана ишенимди чыңдоо  жаатында, диалогдорду активдештирүү жолу менен аймактын өкмөттөрүнүн чыр-чатактардын алдын алуу потенциалын жогорулатууга  колдоо жана көмөк көрсөтүү максатында уюштурулган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 2 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: