Menu

Видео – Атамбаевчилер атып өлтүргөн офицер Үсөнбек Ниязбековго эстелик ачылды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 12-майда «Альфа» атайы күчтөрдүн кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгон жоокерлерин эскерүү күнүнө карата, Бишкек шаарынын Ала-Арча көрүстөнүндө КР УКМК атайы кызматынын полковниги Үсөнбек Ниязбековдун эстелигинин ачылышы болуп өттү.

Эстелик ачылышына КР Өкмөт Аппаратынын өкүлдөрү, УКМК жетекчилиги, ардагерлер жана ошондой эле Ү.Ниязбековдун туугандары менен жакындары катышты.

Эскерте кетсек, полковник Үсөнбек Ниязбеков 2019-жылдын 7-августунда тергөө органдарынан качып келбеген Алмаз Атамбаевди мажбурлап суракка алып келүү учурунда атамбаевчилер Атамбаевдин жеке өзүнө тиешелүү болгон менчик снайпердик мылтыктан атып өлтүрүшкөн.

Эртеси, 8-августта эл алдына чыгып сүйлөгөн Алмаз Атамбаев “аны мен өз мылтыгым менен аттым” деп моюнуна алган.

Атамбаевдин мылтыгы алынып, баллистикалык экспертизадан өткөрүлгөндө полковник Үсөн Ниязбековго тийген ок Алмаз Атамбаевдин мылтыгынан атылганы далилденген.

Ошондон кийин Алмаз Атамбаевге КР Кылмыш-жаза кодексинин “адам өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш козголуп, айыбы угузулган. Азыр анын үстүнөн сот процесстери жүрүүдө.

Ү.Ниязбеков Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Бел-Өрүк айылында 1972-жылы туулган. Оштогу техникалык университетти бүтүргөн. 2000-жылдан тартып КР УКМК органында кызмат өтөп келген.

Өзүнүн кызмат кылган учурунда ал мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктарга татыктуу болгон.

Үсөнбек Ниязбеков каза болгондон кийин “Эрдик” медалы менен сыйланган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 57 = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: