Бүгүн, 16-майга карата Кыргызстанда дагы 6 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу КР Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Анын айтымы боюнча, коронавирусту аныктоо үчүн бир суткада 3334 изилдөө жүргүзүлүп, анын ичинен алтоонун жыйынтыгы оң чыккан.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 3, Ош облусунан – 1, Ош шаарынан – 1, Баткен облусунан – 1 катталган.
Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 1117ге жетти. Алардын ичинен:
– Жалал-Абад облусунда — 153 адам;
– Ош облусунда — 183 адам;
– Ош шаарында — 119 адам;
– Бишкек шаарында— 305 адам;
– Нарын облусунда — 163 адам;
– Чүй облусунда — 98 адам + 58 Соль-Илецкиден келген кыргызстандыктардын арасында катталган;
– Баткен облусунда — 25 адам;
– Ысык-Көл облусунда — 13 адам.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ