Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков: Мекенге болгон атуулдук сезим — энеге болгон сүйүүдөн башталат

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Энелер күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

«Кымбаттуу энелер!

Баарыңыздарды бүгүнкү Энелер күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Биз эзелтеден бери энелерге ыйык сезимди, терең сый-урматты ыроолоп келген элбиз.

Өлкөбүздүн азыркы жана келечек турмушунда энелердин орду өзгөчө бийик.

Энелер — жашоонун башаты, үй-бүлөнүн ынтымагын ширелткен, коломтонун ээси, коомубуздун уюткусу, жалпы мекенибиздин куту.

Жаштарыбыздын руханий көрөӊгөсү, мекенге болгон сүйүүсү, атуулдук сезими — энелердин мээриминен башталат, алардын таалим-тарбиясына барып такалат.

Ар бир бала — эненин мээрими аркылуу өз элин, жерин, мамлекетин сүйөт. Мекенге болгон атуулдук сезим — энеге болгон сүйүүдөн башталат.

Энелердин жана балдардын ден соолугун коргоо, аларды социалдык жактан колдоо — мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты.

Энелик мээримин төгүп, коомубуздун эртеңкисин, мамлекетибиздин келечегин аныктай турган татыктуу балдарды тарбиялап жаткан апалардын ар бирине ыраазылык билдирем.

Урматтуу Энелер, майрамыңыздар менен! Сиздерге чың ден соолук, узун өмүр, бактылуу жашоо каалайм!»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 81 + = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: