Бүгүн, 20-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Ирина Карамушкина укук коргоо органдары “Чоң Казат” кыймылынын чакырыктарына эч кандай реакция кылбай жатканын билдирди.
Депутат Ирина Карамушкина контрабандисттерди, мыйзамсыз байыган чиновниктердин байлыктарын текшерүүнү талап кылган “Чоң казат” кыймылынын иш-аракети Кылмыш-жаза кодексинде каралганын же каралбаганын сурады.
Ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев, иш боюнча материалдар топтолуп, юридикалык баа берүү үчүн тиешелүү экспертизалар жүрүп жатканын билдирди.
Депутат Рада Туманбаева “Чоң казат” кыймылы адамдардын мүлкү жөнүндө туура эмес маалыматтарды таратып жаткандыгын билдирди.
“Азыр алардын билдирүүлөрү такталып жатат. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө кимдин кандай мүлкү бар тууралуу маалымат жеткиликтүү” – деди ИИМдин орун басары.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ