Menu

“Чач” каймана аты бар уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды

Бөлүшүү:

Кечээ, 20-ноябрда УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топтордун (УКТ) ишмердүүлүгүн аныктап, жоюу багытында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш чараларынын алкагында Чүй областында “Чач” каймана аты бар УКТнын активдүү мүчөсү Э.М. кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Такталган боюнча, Э.М. буга чейин 2015-жылы Беларусь Республикасында киши колдуу болуп өлтүрүлгөн криминалдык авторитет Алманбет Анапияевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү болгон. Кармалган адам Кыргыз Республикасынын аймагында бир катар кылмыштарды кылган деп шектелип келүүдө, тактап айтканда Жалал-Абад областындагы атышууларга жана башка резонанстуу криминалдык талашдардын фактыларына тиешеси бар.

Белгилей кетсек, криминалдык авторитет Э.М. жана ал башында турган кылмыштуу топ, “Кыргызнефтегаз” ААКтын мурунку жетекчиси Р.Бостонов тарабынан колдонулуп, Жалал-Абад областынын ишкерлерине жана тургундарына күч колдонуу менен коркутуп, мыйзамсыз иш аракеттерди жасап келгендиги тууралуу жергиликтүү тургундардан өтө көп кайрылуулар келип түшкөн.

Бул фактылар боюнча материалдар кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Кармалган адам КР УКМК камак тергөө жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

УКМК Э.М. кылмыштуу ишмердүүлүгүн изилдеп, ага катыштыгы бар тараптарды аныктап, кармоо багытында тиешелүү иш чараларды улантууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 34 − = 32

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: