Бир сутка ичинде коронавирусту аныктай турган 1946 изилдөө жүргүзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Анын айтымында, бир сутка ичинде текшерилген анализдердин ичинен 27 жаңы учур катталган.
Белгилей кетсек, азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 1270 жетти. Алардын ичинен 910 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Ал эми илдетти жуктурган 14 адам каза болду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ