Menu

Министр ар бир милициянын артынан ээрчип жүрбөйт да

Бөлүшүү:

Адамга эң оңою кимдир бирөөгө карата сын айтуу. Бирок, анын ишин түшүнө билүү эң оор. Дегеним, ушу тапта интернет булактарында болобу, коомчулуктабы, айтор ИИМ министри Кашкар Жунушалиевге сын айтып, негизсиз каралоону максат кылган күчтөр чыгууда. Алардын логикасына таянсак министр ар бир милициянын кылган кылыктары жана жасаган былыктары үчүн жооптуу имиш. Ырас, министр деген өзү жетектеген тармакка жооптуу. Бирок, олуттуу жана орчундуу маселелерде. Дегеним, министр ИИМдин ар бир кызматкерин жетелеп жүрө албайт да. Эгерде кайсы бир кызматкер туура эмес кадамдарды жасаса, ал өз жазасын алат дегендей. Анан мас болуп уктап калган милиция кызматкери үчүн да Кашкар мырзаны күнөөлөө акылга сыйбайт го… Ар бир үй-бүлөдө алты бала болсо анын ар биринин ар башкача артыкчылыгы менен кемчилиги бар дегендей, өлкөбүздөгү 20 миңге жакын милициянын да арасында өзүн жана кесиптештерин сыйлабагандар чыгат. Албетте, алар тиешелүү жазасын алышат. Арийне, анын баарына эле министрин күнөөлөп же аны ар бир ошол өңдүү терс кылыктар үчүн «Кызматтан кет!» дей берсек анда милиция тармагына министр түтөбү? Тескерисинче, ушу тапта күнү-түнү кылмышкерлер менен күрөшүп, өмүрүн тобокелге байлап, жалпы элдин бейпил жашоосу, тынч уйкусу үчүн кызмат кылып жаткан милицияны, анын министрин коомчулук колдоого алса, алардын да талбай иштөөсүнө дем болт эмеспи.

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 + = 46

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: