Быйыл Жалал-Абад шаарында акыркы коңгуроо аземи онлайн түрүндө өтөт. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык Билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Айнура Маданова билдирди.
Анын айтымында, жыл сайын 25-май акыркы коңгуроо аземи мектептерде салтанаттуу түрдө белгиленип келген болсо, быйыл өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу окуучулардын коопсуздугу үчүн акыркы коңгуроо аземи өткөрүлбөйт. Мектептерде быйылкы окуу жылы 30-майда аяктайт. Бүтүрүүчүлөр үчүн акыркы коңгуроо аземи онлайн режимде өткөрүлөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ