Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасында COVID-19 вирусун жуктуруп, дарыланып жаткан бейтап ооруганда адам кантип кыйналарын айтып берди. Коронавирус менен ооруган бейтап кыйналган учурларын жана инфекция тамаша эместигин эскертти. Ал инфекцияны жумуштан жуктуруп алган.
“Бүгүн жакшымын. Күйүкпөй калдым. Ооруканага 11-майда түшкөм, реанимацияда 5 сутка жаттым. Кислород менен дем албай калганыма эки күн болду. Коронавирус деген бар, аны тоготпой койгон туура эмес. Бул жаман оору экенин жон териң менен сезгенде, дем жетпей, жан көзгө көрүнгөндө билесиң. Тамаша эмес, жашын да, карысын да карабайт. Ошон үчүн айтарым, сак болгула”, — деди араң дем алган бейтап.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ