Menu

Видео – Премьер-министрдин м.а. Артем Новиков Билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиевдин эстафетасын кабыл алып, жаш сүрөтчүгө планшет белек кылды

Бөлүшүү:

Премьер-министрдин м.а. Артем Новиков Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев узаткан эстафетаны кабыл алды. Бул тууралуу ал Facebook социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

Өкмөт башчынын м.а. алгач балдарды келе жаткан Жаңы жыл майрамы менен кыргыз тилинде куттуктады.

“Билим берүү жана илим министрлигинин мага узаткан эстафетасын чоң кубануу менен кабыл алам! Кичинекей мекендештерибиздин көркөмдүү сүрөттөрү мага да келип жетти! Фантазияларына баа бердим!” – дейт Артем Новиков.

“Мага Нулифар аттуу кыз тарткан сүрөт келди. Сүрөт “Токойдогу жымжырттык” деп аталат. Сүрөт менин үйүмдө болот, аны дубалга илип коём”, – деди премьер-министрдин м.а. Артем Новиков.

Ал Нулифарга белек катары планшет жибере турганын айтты.

Ошондой эле, премьер-министрдин м.а. мамлекеттик органдардын жетекчилерине, өкмөт өкүлдөрүнө жана чиновниктерге кайрылып, демилгени колдоп, балдарга өнүгүү үчүн түрткү берүүнү өтүндү.

 

Белгилей кетсек, «Балажан» республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борбору өлкө боюнча жетим балдар интернаттары жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар интернаттарынын арасында «Жаңы жыл – жаңы үмүт» деген долбоор уюштуруп, ошол жерде сүрөт сынагын өткөргөн.

Тандалып алынган мыкты сүрөттөр мамлекеттик мекемелердин жетекчилерине, өкмөт мүчөлөрүнө жана башка ведомстволорго Жаңы жылдык куттуктоо белеги катары жөнөтүлгөн.

Билим берүү жана илим берүү министрлиги да бул сынактагы мыкты делген сүрөттөрдүн бирин алган. Ал сүрөттүн 13 жаштагы авторуна белек катары планшет берип, Жаңы жыл алдында жакшы эстафета баштаган. Ал кийинки кезекти премьер-министрдин м.а. Артем Новиковго өткөрүп берген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 + = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: