“Ислам мамлекети” террордук тобу Грозныйдагы Архангел Михаил православ чиркөөсүндөгү кол салуу үчүн жоопкерчилик алды. Бул тууралуу 20-майда көз карандысыз SITE Intelligence Group мониторинг борбору билдирди.
Грозныйдагы ибадатканага кол салуунун себептери боюнча расмий маалыматтар али жок. Орусия Тергөө комитети укук коргоо кызматкерлерине кол салуу боюнча кылмыш ишин козгоду.
Чечен республика башкысы Рамзан Кадыров кол салуучулар тууралуу белгилүү болгон маалыматтар менен бөлүштү: “Алардын экөө – Гелдаган, бирөө – Грозныйдан алыс эмес жайгашкан Аргунский айлынын тургуну. Чеченстан ИИМинин маалыматы боюнча топтун башчысы коңшу аймактардын биринин жашоочусу”, деп жазды Кадыров Телеграмдагы каналына.
19-майда төрт киши Архангел Михаил чиркөөсүнө кирип келип, кишилерди барымтага алууга аракет жасаган. Эки полициячы жана ибадатканга келген бир адам мерт болгон. Кол салуучуларды полициячылар атып өлтүргөн.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ