Кыргызстанда күч органдарында иштеген кызматкерлердин арасынан коронавирус илдетине чалдыккандардын саны 82ге жетти. Бул тууралуу бүгүн, 22-майда Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, алардын ичинен 33 адам айыгып, 49 киши дарылануусун улантууда.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда жалпысынан 1350 адам коронавирус илдетине чалдыккан. Алардын ичинен 14 адам каза болду. 949 бейтап бул оорудан айыгып кетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ