Кыргызстанда “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери бул айда 61 000 жаранга пенсиясын тараткан, калганы 28-майга чейин толук алат. Бул туурасында Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиев онлайн-брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө пенсия Кыргызстандагы 61 000 пенсионерге таратылды. Калган пенсионерлерге 28-майга чейин төлөп берилет. Каржы министрлиги акча бөлгөн. Азыр пенсионерлер буга тынчсызданбашы керек.
Кыргызстанда коронавирус илдети жалпы 1350 адамга жукту. Анын ичинен 949 бейтап айыкса, 14 киши каза болду.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ