Menu

Жергиликтүү соттордун бир катар судьяларынын ыйгарым укуктары токтотулду

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун атына ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу жергиликтүү соттордун бир катар судьяларын кызмат орундарынан бошотуу тууралуу сунуштар киргизилген.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерине жана мыйзамдарына ылайык, Мамлекет башчысы тиешелүү жарлыктарга кол койду.

Биринчи Жарлыкка ылайык, Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун төмөндөгү судьяларынын ыйгарым укуктары токтотулду жана алар Кыргыз  Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы кызмат орундарынан бошотулду:

— Абакиров Кайсын Кадырович;

— Алиев Авчи Мустафаевич;

— Сариев Аманбек Орозунбекович.

Экинчи Жарлыкка ылайык, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Эрнис уулу Айбектин ыйгарым укуктары токтотулду.

Ал Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы кызмат ордунан бошотулду.

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 97 − = 91

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: