Menu

Радио жыштыктарды сатуудагы ызы-чуулар ​​жөнүндө эмнелер белгилүү?

Бөлүшүү:

Өткөн аптада Кыргызстанда дагы бир жаңжал тутанды. Жогорку Кеңештин депутаттары радио жыштыктарды сатылышына кызыгышты. Бир нече күн мурун бир нече укук коргоо органдары Мамлекеттик байланыш агенттигинин мурдагы жетекчилигине жана УКМК кызматкерлерине каршы кылмыш ишин козгогондугу белгилүү болгон.

24.kg  ушул маселелер боюнча белгилүү болгон бардык маалыматтарды чогулткан. Чуулгандуу иш-аракеттерге чиновниктер гана эмес, өлкөнүн мобилдик компаниялары дагы катышкан. Ал эми депутат Жанар Акаев премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди бул келишимге тиешеси бар деп шектейт.

Ала-ТВ жыштыкты кантип саткан?

Радио жыштыктарды сатуу боюнча жаңжал Мамлекеттик байланыш агенттигинин мурунку директору Наталья Черногубова камакка алынгандан кийин башталган. Анын артынан Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин эки кызматкери камакка алынган, кийин Ала-ТВнын Стратегия жана өнүгүү боюнча директору Дмитрий Ветлугин да кармалган. Тергөө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана Аскер прокуратурасынын ведомстволор аралык тергөө тобу тарабынан жүргүзүлүүдө.

Ошол эле учурда, укук коргоо органдарынын кызматкерлери иштин чоо-жайын айтууга шашкан жок. Алардын экс-чиновниктердин жана коопсуздук кызматкерлеринин кармалган себептери боюнча сөздөрү так эмес. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы маалыматы боюнча, Мамлекеттик байланыш агенттигинин жетекчилиги уюлдук байланыш оператору жана Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин жооптуу кызматкерлери менен сүйлөшүп алып, байланыш операторунун лицензиясын кайра каттап, мыйзамдарды бузган. Башкы көзөмөл органы бул келишим мамлекетке олуттуу зыян келтирди деп эсептейт.

Башкы прокуратура кайсы компаниянын лизенциясы узартылганы, бул окуяга кайсы чиновник аралашкандыгы тууралуу бир да сөз айткан жок.

Бирок депутаттарда бир топ маалыматтар бар болуп чыкты. Жанар Акаев парламенттин жыйынында радио жыштыктарды мыйзамсыз сатууда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин тиешеси бар болушу мүмкүн экендигин билдирди.

“Ала-ТВ” 200 мегагерц өзүнүн жыштыгы менен кошо “Билайн” компаниясына сатылган” – дейт Жанар Акаев.

Бирок “Ала-ТВ” телевизиондук кабелге гана ыңгайлашкан. “Жакында” Beeline компаниясы 4G Интернет менен абоненттерин камсыз кылуу үчүн Мамлекеттик байланыш агенттиги аркылуу ушул 200 мегагерц жыштыгын кайрадан жаңырткан. Депутат ошондой эле 200 мегагерц радио жыштыктары бекер берилгенин айтты. Мамлекет келишим үчүн эч нерсе алган жок. Бирок, ошол эле учурда дагы бир компанияга ушундай эле лицензия 900 миллион сомго берилген.

Жанар Акаевдин айтымында, премьер-министрдин катышуусу жок андай келишимди түзүү мүмкүн эмес. Депутат өкмөт башчыдан коррупциялык схемаларга катышпагандыгы жөнүндө далилдерди талап кылды. Министрлер кабинетинин маалымат кызматы мындай жүйөлөрдү четке кагууда. Өкмөттүн аппаратынын версиясы боюнча, депутаттын рремьер-министрдин байланыш чөйрөсүндөгү мыйзам бузууларга тиешеси бар деген билдирүүсү негизсиз.

Кийинчерээк парламенттин отурумунда өкмөт башчысы жыштыктарды сатуудагы чыр-чатакка тиешеси бардыгын четке каккан.

“Биз мыйзамдуу өлкөдө жашап жатабыз. Такталбаган фактылардын айтылганына таң калдым. Өкмөткө да, менин адреси.ме дагы сөздөр айтылды. Бул анын абийирине байланыштуу деп ойлойм. Менимче, маселени саясатташтыруунун кажети жок” – деди премьер-министр.

Фактылар бар, иш жок

Депутаттар ишке киришкенде, Ала-ТВнын айланасындагы чыр-чатак жалгыз гана окуя эмес экени белгилүү болду. 2018-жылы Башкы прокуратура “Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “Келишим түзүү, Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгына каршы мамлекеттик сатып алуулар” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. Тергөө материалдары Финполицияга өткөрүлүп берилген.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, Мамлекеттик байланыш агенттигинин кызматкерлери “Нур Телеком” уюлдук компаниясына 2016-жылдын 27-декабрындагы  № 16-0087 КР лицензиясын берген. Алар радио жыштыгын ижарага алуу үчүн мамлекеттик бюджетке акы төлөбөйт. Мында, радио жыштыктарды ижарага берүү келишимин түзүү укугуна аукцион болгон эмес. Башкы көзөмөл органы Мамлекеттик байланыш агенттигинин кызматкерлери бул учурда кызматтын жана мамлекеттин кызыкчылыктарына каршы келген иш-аракеттерди жасашкан.

“Нур Телеком” ЖЧКсы лицензия берүү үчүн 1 миң сом өлчөмүндө алым гана төлөгөн.

Иштин материалында айтылгандай, 2016-жылы “Альфа Телеком” ЖАК жана “Sky Mobile” ЖЧК Мамлекеттик байланыш агенттигинин башкы директоруна  бош радио жыштыктарын бөлүп берүү өтүнүчү менен кайрылган. Бирок бош жыштыктар жок болгондуктан, аларга берилген эмес.  Укук коргоочулардын айтымында, Мамлекеттик байланыш агенттигинин кызмат адамдары “Нур Телеком” ЖЧКсына эки лицензияны конкурсу жок берүүдө мамлекетке 298 миллион 803 миң сом зыян келтирген.

Бул кылмыш иши тууралуу депутат Рыскелди Момбеков күтүлбөгөн жерден эстеди. Анын айтымында, мамлекетке келтирилген зыян 1 миллиард сомго жакын. Бирок эки жылдан бери укук коргоо органдары эч кандай чара көрбөй келет.

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Бакир Таиров кылмыш иши токтотулгандыгын маалымдады.

“Бул боюнча сиз менен дагы сүйлөшкөнбүз. Бул жерде эки жактуу мыйзам болуп турат. Биз ошол жыштыкты кайтарган аябай аракет кылдык. Тергөөчүлөр менен группа түзүп, консультация кылып аракет кылдык. 2016-жылы Өкмөттүн токтому менен пилоттук проект боюнча, 3 жыштыкты сатканга уруксат берилген. Ошондо 1 млрд жакын акчага сатылган. Башка жыштыкка пилоттук долбоор менен сатуу мүмкүн эмес деп чыккан. Ошонун негизинде, сиз айткан бир жыштык сатылып кетет. Ал сатылбай, бекерге берилген. Мыйзам күчүнө күзүндө кирип жатат. Ушул жагдай бизди абдан кармап жатат. Мыйзамга дагы туура келет. Ошону кайрадан дагы текшерип жатабыз. Граждандык негизде сотко кайрылып кайтарсакпы (?),  биз аябай кызыкдарбыз” – деди Бакир Таиров.

Депутаттын күнөөлүүлөр эмне себептен камалбайт деген суроосуна, Бакир Таиров “Түрмөгө отургузганга адам жок болуп жатпайбы” деп жооп кайтарган.

Рыскелди Момбековдун айтымында, “Семь Мобайл” менен “КТ Мобайлдын” директору Нурбек Мамбетакунов деген бир эле киши. Депутат анын айынан мамлекетке 1,5 млрд сом түшпөй каланын айтты.

Megaline жыштыктары

Апта соңунда чатак дагы уланып, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы лицензияны мыйзамсыз берүү фактысы боюнча дагы бир кылмыш ишин козгогону белгилүү болду. Бул жолу сөз Megaline интернет провайдери жөнүндө болду.

“Айтел” ЖЧКсы (Megaline интернет-провайдери) кеңири тилкелүү тутумдарынын иштешинде радио жыштык спектрин пайдаланууга берилген лицензияны мыйзамсыз түрдө узартканы белгилүү болгон.

Лицензияны узартууга арыз берген учурда компания “Скай Мобайл” ЖЧКсы менен жарактуу радио жыштык ресурстарын бөлүштүрүү жөнүндө келишимге ээ болгон, бирок лицензиянын узартылгандан кийин (үч күндөн кийин) келишим “Скай Мобайлдын” кайрылуусу боюнча жокко чыгарылган. Мамлекеттик байланыш агенттиги тарабынан  кеңири тилкелүү туташуу тутумдарынын иштешине радио жыштык спектрин пайдаланууга лицензия берилген, анын негизинде 2019-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөткө 145 жыштыкка уруксат берилген.

Кыргызчалаган: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 66 = 67

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: