Menu

Видео – Камчыбек Жолдошбаев: “Эмнеге 1 млн калкы бар Бишкекке караганда 30 миң калкы бар Нарында коронавирус көп чыгып жатат?”

Бөлүшүү:

“Эмне үчүн 1 млн калкы бар Бишкекке караганда 30 миң калкы бар Нарында коронавирус көп чыгууда? Жетекчиликтен сурасак, врачтар жакшы иштебей жатат дейт. А врачтардан сурасак, көчөлөрдө тартип жок болуп, оору биринен бирине өтүп жатат дейт. Бишкекте бир күндө 5-6 адамдан вирус табылып жатат, а Нарында болсо 10-15, кээде андан дагы көп учурлар катталып жатат. Мунун себеби эмнеде?” – деп сурады бүгүн, 27-майда ЖКнын жыйынында депутат Камчыбек Жолдошбаев Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаевден.

Мадамин Каратаевдин айтымы боюнча, инфекциянын жайылышынын 3 себеби бар.

“Биринчи себеп – өз убагында жетиштүү деңгээлде координация болгон жок. Бүгүнкү күндө Нарында коронавирустун аныкталган учуру 300гө жетип калды. Ал эми алгач 3 гана учур катталган. Экинчи себеби – байланышьа болгондорду өз убагында изоляцияга албай, ыкчам оперативдүү иштер жүргүзүлгөн эмес. Үчүнчүсү, кээ бир медициналык кызматкерлердин же ички иштер башкармалыктын кызматкерлери тарабынан жоопкерчиликтүү мамиле болгон эмес. Күнүгө эмнеге көбөйүп жатат деп сурап жатасыз. Биз бүгүнкү күндө бардыгын тактап, аныктабасак, массалык түрдө болуп кетиши мүмкүн” – деп жооп берди Мадамин Каратаев.

“Карап көрсөк, Нарында Ак-Талаа районунда инфекция жайылып жатат. Мен Нарындын, Ат-Башынын, Ак-Талаанын башкы дарыгерлери менен сүйлөштүм. Сураштырсак, медициналык бет каптар, дарылар ж.б. жетишсиз болуп жатат, ошондуктан оору жайылып жатат деп жатышат дейт. Ошол чынбы?” – деп сурады Камчыбек Жолдошбаев.

“Биринчиден, жеке коргонуучу каражаттар жетиштүү көлөмдө берилген. Мен Нарынга бардым. Негизинен Нарын шаары менен Ат-Башы району инфекциянын очогу болуп жатат. Ак-Талаа районундагы Ак-Кыя, Көк-Жар, Баетов айылдарын курчоого алып, байланышта болгон жактардан анализдерди алынып, бүгүнкү күнгө бир аз жөнгө салынды. Нарын шаарында облустук оорукана, төрөт үйү, ички иштер башкармалыктын кызматкерлеринен көп учур катталды. Ошондой эле, берилген гуманитардык жардын бардыгын жеткизип бердик. Бүгүнкү күндө дары-дармектер ж.б. жетиштүү” – деди Мадамин Каратаев.

“Нарынга жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын 11 кызматкери барды. Алардын бирин тааныйм, сурасам, жергиликтүү администрация жолдорду ачып жиберип, бири-бири менен байланышта болуп жатат дейт. Сиз тажрыйбалуу адиссиз, кимден катачылык кеткенин мага жазып бериңиз. Аларга административдик чара көрөбүз” – деп депутат министрдин орун басарына кайрылды.

Мадамин Каратаев “макул” деп жооп берди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: