Чүй облусунда жол коопсуздугун көзөмөлдөөчү инспектордун өлүмү иликтене баштады. Бул тууралуу кечээ, 27-майда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Мекеменин маалыматында «белгисиз себептерден улам Чүй ОИИББнын жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспектору каза болгонун белгилейбиз. Факт Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды» деп айтылат.
Айрым маалымат булактары кабарлагандай, 45 жаштагы инспектордун сөөгү Бишкек-Ош автожолунун 155-чакырымында табылган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ