Menu

Видео – Камчыбек Жолдошбаев: “Коронавирус Ошто, Нарында көп катталып жатат. Эмне үчүн Таластан чыкпайт?”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 28-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камчыбек Жолдошбаев базарлар, соода борборлору кайрадан жандангандан кийин эл медициналык кызматкерлердин койгон талаптарын аткарбай жатканын билдирди.

“Бүгүн өлкөдө коронавирустун 74 учуру катталыптыр. Анын ичинде Нарында, Ошто көп учурлар аныкталып жатат. Эмне үчүн Талас облусунда коронавирустун бир да учуру чыкпайт? Себеби губернатор баарын тартипке салган. Ысык-Көлдө 10 учур чыгыптыр. Алардын иштеп жаткан медициналык кызматкерлери өзгөчөбү? Жок, алар тыкан, жакшынакай иштеп жатышат. Нарынга коронавирусту Пакистандан, Индиядан, Москвадан келген 3 киши  жугузган, эми ошону токтото албай жатышат. Бүгүнкү күндө эл да, жардамга барган кызматкерлер да кыйналып жатат. Бишкекте жалпысынан 1,5 млн калкы бар, а Нарында болсо, 30 миң, 50 эсе аз. Кечээ 17 учур, бүгүн 14 учур каталганы кандай? Бул үчүн жакшылап иштеш керек” – деди Камчыбек Жолдошбаев.

Депутат коомчулукка кайрылып, медициналык бет каптарды, антисептиктерди колдонуп, дарыгерлердин айткан талаптарын аткарууга чакырды.

“Анткени, коронавирус билинбей келген оору экен. Ракетасы да, катюшасы да жок, элдин баарын оорутуп жатат. Мен коомчулукка кайрылып кетет элем. Бүгүнкү күндө ооруну жайылтпоого жардам бергиле” – деди эл өкүлү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 + = 25

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: