Бүгүн, 29-майга карата Кыргызстанда дагы 68 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу КР Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 9, Ош шаарынан – 2, Чүй облусунан – 5, Ош облусунан – 4, Нарын облусунан – 4, Баткен – 1, Санк-Петербург шаарынан келген курсанттардын арасынан – 26, Россиядан жаңы келгендердин арасынан – 21 (11и кош бойлуу аялдар, 10у студент) учур катталган.
Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 1662ге жетти. Алардын ичинен:
– Жалал-Абад облусунда — 162 адам;
– Ош облусунда — 217 адам;
– Ош шаарында — 179 адам;
– Бишкек шаарында— 406 адам;
– Нарын облусунда — 314 адам;
– Чүй облусунда — 123 адам,
– Баткен облусунда — 29 адам;
– Ысык-Көл облусунда — 14 адам.
– Соль-Илецкиден келгендердин арасынан – 119 адам,
– Россиядан келген жарандардын арасынан – 78 адам.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ