Маданият, маалымат жана туризм министрлиги “Ардактуу турист” наамына сынак жарыялайт. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда министр Азамат Жаманкулов өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Анын айтымы боюнча, мындай сынак ички туризмди өнүктүрүү максатында уюштурулду.
“Ардактуу турист” наамын алуу үчүн Кыргызстандын төмөндөгү кооз жерлерге барып келүү керек:
1. “Бурана” комплекси
2. “Өзгөн” комплекси
3. “Таш-Рабат” тарыхый комплекси
4. “Сары Челек” коругу
5. Манастын күмбөзү
6. “Сан-Таш” коругу
7. “Сказка” каньону
8. “Арсланбап” улуттук коругу
9. “Сулайман-Тоо” тарыхый-археологиялык музей-комплекси
10. “Шах-Фазиль” күмбөзү
“Эгерде, кыргызстандыктар ушул 10 объектке бара турган болсо, биз ар бир жаранга “Ардактуу турист” деген наам ыйгарабыз. Андан сырткары, белек-бечкектерди да беребиз” – дейт Азамат Жаманкулов.
“Негизги шарт аталган 10 эс алуучу жайларга барып, ал жерден сүрөткө түшүп, сүрөттөрдү министрликтин же туризм департаментинин Facebook баракчасына жөнөтүү керек. Ошондой эле сүрөттөрдү #УникалдууКыргызстан хештеги менен жеке социалдык тармактардагы баракчаларга жарыяласа да болот” – деп билдирди министр.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ