Өлкөдө коронавирусту аныктаган дагы 4 лаборатория иштеп баштайт. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
“Кыргызстанда коронавирус оорусу катталгандан бери жалпысынан 11 лаборатория иштеп жаткан. Андан кийин ага дагы экөө кошулуп, 16 лаборатория анализдерди текшерип жаткан. Бүгүн дагы 2 лабораториялык комплект башка мамлекеттик органдардан алынып кошулуп жатат. Андан сырткары, сырттан жардам катары 2 лабораториялык комплект келгени жатат. Буйруса, бүгүн келет. Муну менен бизде 20 лаборатория иштеп баштайт. 4 лабораториянын ишке кириши менен текшерилген анализдердин жыйынтыктары азыркыдан дагы ылдамыраак чыга баштайт” – деп билдирди Кубатбек Боронов.
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ